Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иш боюнча сот отуруму Биринчи Май райондук сотунда улантылып жатат. Учурда аны менен бирге айыпталып жаткандардын жактоочуларынын жарыш сөзү уланууда. Жактоочулар айыпталып жаткан адамдар тарабынан 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарындагы жатаканага жайгашкан жер тилкеси жана мурдагы автобекеттин ордуна соода түйүнүн курууга берилген жерди сатууда мыйзам бузуулар болбогонун айтып, өз аргументтерин келтиришүүдө.
Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон.
26-декабрдагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.