Каза болгон сингапурлук модель кыз 3 адамдын өмүрүн сактап калган. Тактап айтканда, анын атасы кызынын органдарын муктаж болгон адамдарга берүүнү туура көргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 28 жаштагы модель Карен Стелла Вонг достору менен бирге көңүл ачуу максатында караокелердин бирине барган. Өзүнүн сүйүктүү ырын аткарып жаткан учурда денесинин оң капталы иштебей калып, кулап түшкөн. Моделди дароо ооруканага жеткиришкен, бирок буга чейин ооруп жүргөн кыз 2 күн өткөн соң каза болгон. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан өтө эркин жүрүп, көпчүлүк убактысын көңүл ачуу менен өткөргөн.
Кыздын апасы азыркыга чейин өзүнө келе албай жүрөт. Ал эми атасы кызын сактап калууга мүмкүн эмес экенин билген соң, анын органдары менен башка адамдарга жашоо берүүнү чечкен. Жыйынтыгында анын 2 бөйрөгү жана боору 3 адамдын өмүрүн сактап калган.
"Мен ушундай жол менен гана өзүмдү алаксыта алам. Анткени менин кызым башка адамдарга өмүр берди. 2 күн бою ыйладым, бирок үй-бүлөм, жубайым үчүн күчтүү болушум керектигин түшүндүм", - деген ал.