27-декабрда жааган кар бардык тармакты бир топ эле убарага салды. Шаар тургундары бир гана борбордук көчөлөрдөгү карды тазалашпай, жөө адамдар басуучу аллеяларды деле кардан тазалап коюшпайт деп "Тазалыкка" нааразы.
Кар жааганына 3 күн болду. Дароо тазаланбаган карды күндүзү тийген күн эритип, муздак абага кайра тоңгондо, аппак кар көпкөк музга айланды. Саламаттыкты сактоо министрлиги кардын жаашы бир гана муниципалдык мекеменин кызматкерлерин эмес, медицина кызматкерлерин да түйшүккө салды дейт.
Бишкекке кар түшкөн күнү медицина кызматкерлерине 50дөн ашык адам ар түрдүү травмалар менен кайрылышса, алардын 21и тайгаланып жыгылып жаракат алгандар болгон.
Жолдор тайгалак болгон учурда кантип абай салуу керек?
Эгер тайгаланып кетсеңиз...
Эгер тайгаланып кетсеңиз, жумшагыраак жыгылыш үчүн отура калган пайдалуу. Ошондо жер менен тулкуңуздун аралыгы жакын болуп, жерге катуу тийбейсиз.
Эгер тайгаланып кетсеңиз, анда кайсы жерлерди сактоо керек билип алыңыз. Мисалы, артты көздөй жыгылып баратсаңыз, жерге чычаң менен катуу тийип калыштын алдын алуу керек. Чычаң катуу тийсе анын учу сынып кетиши жана кыр аркага, жүлүнгө доо кетиши мүмкүн. Алдыга жыгылып баратсаңыз, анда кол менен таянып калуу керек. Мында салмак колдорго түшүп, тизе менен катуу урунуу коркунучу азыраак болот. Тизеге караганда алакандан жарака кетпейт.
Эгер тайгаланып кетсеңиз, колдор менен таянганда муштумду түйүп же манжалардын сырты менен таянбаңыз, алакан ачык болуусу керек. Антпесе манжалардын ашташкан жерлери чыгып же сынып кетиши мүмкүн.
Эгер тайгаланып кетсеңиз, бел, баш, моюн, тизе сыяктуу жерлерди аярлаңыз. Бул жерлер катуу урунса жүлүнгө доо кетип, сөөктөр сынып же жарака пайда болуп, ал эми баш мээ чайкалып калышы мүмкүн. Булчуңдар менен жыгылган күндө деле эт бир аз көгөрүп, убактылуу ооруксунганы менен, жогоруда саналган органдарчалык өтө коркунучтуу эмес.
Эгер тайгаланып кетсеңиз, жыгылуунун натыйжасында денеге олуттуу травма келтирилсе үй шартында дарыланып жата бербей, бейтапканага эле кайрылганыңыз жакшы. Адистер баары бир өз ишин сизден жакшы билишет.