Орусиянын Уфа шаарында 18 жаштагы окуучу кыз агайына сабак учурунда сүйүүсүн арнады. Бул тууралуу маалыматты орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 18 жаштагы окуучу кыз бирдиктүү мамлекеттик экзаменге даярдоочу атайын борбордо иштеген 25 жаштагы агайына сүйүүсүн сабак учурунда билдирген.
"Көптөн бери бул кадамга бара албай жүргөм, бирок мен мындан ары бул нерсени жашырып жүрө албайм. Сиз мага жагасыз. Менин сурайын дегеним, биздин мамилелер сабактан тышкаркы мезгилде уланабы?" - деп билдирген окуучу кыз.
Бул окуяны кыздын классташтарынын бири уюлдук телефонуна тартып, социалдык баракчасына жүктөп койгон.