Белгилүү рэп аткаруучу Баястан сүйүктүүсүнө сөйкө салды. Бул тууралуу маалыматты ырчы өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Кечээ, 29-декабрда Баястан сүйүктүүсү Зульфияга сөйкө салып жаткан сүрөттү жүктөп, "баары бүттү" деген сүрөттөмө калтырган. Ошол эле сүрөттөр Зульфиянын баракчасына дагы жарыяланган.
Белгилүү болгондой, рэп аткаруучу буга чейин жаш ырчы Аяна Касымова менен кыз-жигит мамилесинде болгон.