Киевдеги аэропортто бир мышык үчүн чуу чыкты

Киевдеги аэропортто бир мышык үчүн чуу чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Киев-Анкара каттамы боюнча учактын ичине жүргүнчүлөрдүн бири мышыгын ала кирген. Авиакомпаниянын эрежесине ылайык, бир билет менен учактын ичине алтыдан ашуун жаныбарды алып өтүүгө болбостугу жазылган. Бирок чуу жараткан мышыктын ээси учактын жүк бөлүмүнө жети мышыгын киргизип жиберген.

Мындай көрүнүштөн улам мышыктын ээсин кармап кетишкен. Ал адам өз жагдайын полиция жана авиакомпания өкүлдөрүндө эки сааттан ашуун түшүндүргөн. Мындан улам учактын абага көтөрүлүүсү кечеңдеген. Учактын ичинде отурган жүргүнчүлөрүнүн жарымы мышык ээсин колдосо, жарымы ага каршы чыгышкан.

Натыйжада авиакомпания коюлган эрежелерден баш тартып, экипаж жетинчи мышыкты алып кетүүгө аргасыз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kansulu
2017-12-30 13:29:57
Мышык ит деп олуп эле калышат ушу кристиандар
+9
Shekeev969798
2017-12-31 00:13:37
kansulu,Кристиянбы Мусулманбы Баары эле адам !
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан