Ош. Облустук 7 райондун катышуусунда "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өткөрүлдү

КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Ош шаарында облустун 7 районунун ортосунда “Алтын күз” жарманкеси болуп өттү. Ага район, айыл өкмөттөрдөн келген дыйкан, фермерлер өз азык-түлүгүн базар баасынан 30% төмөндөтүлгөн баада сатыкка чыгарышты. Бул жарманке сынак тибинде болуп, уюштуруучулар тарабынан жогорку сорттогу азык-түлүктөргө карата “Мыкты дыйкан”, “Мыкты фермер”, “Мыкты пахтачы”, “Мыкты жүгөрүчү” номинациялары аныкталып, жеңүүчүлөр Ош облустук администрациясы тарабынан баалуу белектер жана Ардак баракчалар менен сыйланышты. “Бул майрам айыл чарбасын өнүктүрүү максатында уюшулуп жатат. Жыл сайын өтүүчү майрам катары кабыл алалы деп пландадык. Шаар элине таза жана арзан азык-түлүктү сатып алуусуна шарт түзүп берели деген максатта шаар мэри Мелис Мырзакматов менен сүйлөшүп, дыйкандар ишемби, жекшемби күндөрү келип, жыйнаган дан-эгиндерин сатып алуусуна орун сурап жатабыз. Эгер шаар жетекчилиги биздин бул сунушту колдоп жер берип калса, дыйкандарга түшүмүн сатып кетүүсүнө шарт түзүлмөк”,- дейт С.Жээнбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан