Аида Салянованын ден соолугунда жаралган маселеден улам соттук отуруму 4-январга жылдырылды

Депутат Аида Салянованын бүгүн түштөн кийин улана турган соттук отуруму 4-январга жылдырылды. Мындай маалыматты депутаттын соттогу жактоочусу Чынара Жакупбекова SUPER.KG'ге билдирди.

"Ал бүгүн түшкө чейин соттук отурумга дагы келе алган эмес. Анткени анын ден соолугунда олуттуу маселелер жаралды. Анын жүрөк оорусу кармап, бүгүн ооруканага кайрылган. Бул себептен бүгүнкү отурум 4-январга саат 09:00гө жылдырылды", - деп билдирди жактоочу.

Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Чынара Жакупбекова сотко Салянованын ооруп калгандыгы тууралуу маалымкатты көрсөтүп, отурумду жылдырууну өтүнгөн. Соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцова башка күнгө эмес, бүгүн саат 2де кароону чечкен. Ал эми Аида Саляновага врачтар "жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү" деген диагноз коюшканын айткан жактоочусу соттон отурумду 1 күн бою созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kojo1995
2017-12-30 15:17:34
Мыкты айымды жөнү жок кыйнадыңар
-2
Дарыгер
2017-12-30 21:39:36
Кайдагы мыкты айым. Ул айымУлкоон кызматта отурганда, коп адамдар кыйнаган
-1
Aza17
2017-12-31 05:47:35
Убагында А.ш.а нын кесесин жалагандардын бири Батукаевди качуусуна туздон туз тиешеси бар. Бул айым коп былык ишке аралашкан копту билет. туз жургунун деп эсертуу берип инисин омурун кыйып койушту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан