Сот экс-президенттен башка бул иш боюнча дагы 18 айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыратты.
Айта кетсек, мурдагы президентке 2011-жылкы массалык баш аламандык жана айыпкерлердин түрмөдөн качышын уюштурган деген айып боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал өкүмдү да кассациялык сот жокко чыгарган. 2013-жылдын июль айынан бери камакта отурган Мурсиге бардыгы болуп төрт кылмыш иши козголгон.