Британиялык белгилүү басылмалардын бири дүйнөдөгү эң сулуу эгиздерди атады. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, бул наамга АКШда жашаган жети жашар Лие Роуз менен Аве Мари ээ болду. Эгиз кыздар азыркы мезгилде өтө популярдуу. Алардын атактуу болушуна апасы Жекинин эмгеги чоң.
Алгач апасы кыздарына социалдык түйүндөрдөн баракча ачып сүрөттөрүн киргизе баштаган. Мындан улам эгиз кыздарга кызыккан моделдик агенттиктер жумуш сунуштай башташкан.
Азыркы тапта Лос-Анжелестеги кыздар, балдар кийимин саткан бренддер менен келишим түзүп, эки моделдик агенттик менен иштешет. Алардын Инстаграмдагы баракчасына 168 миң адам жазылган.