Кыргыз спортчусу 14 миң жөө күлүк катышкан марафондо марага алгачкы болуп келип, 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-декабрда Кытайда өткөн эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун Куньминдик марафонунда Кыргыз жөө күлүгү Адилет Кыштакбеков алгачкы болуп марага келген. Ал марага 2 саат 23 мүнөт 21 секундада келген.
Жеңүүчүгө сыйлыкты ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов тапшырган.
Узундугу 42 километр болгон эң негизги аралыкты жалпы 27 мамлекеттен 14 миң спортчу катышкан.