АКШнын Коннектикут штатынын жашоочусу өлөрүнө саналуу сааттар калганда турмушка чыкты. Бул тууралуу маалыматты РИА новости агенттиги жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып жазууда.
Маалыматта жазылгандай, Девид Мошер аттуу мырза сүйүктүүсү Хезер Линдсинин колун 2016-жылы суроону пландаган. Дарыгерлер кыздын дартын эмчек рагы деп аныкташкандан кийин да Мошер ниетинен артка кайткан эмес.
Хезер болсо оору менен алышып жүрүп, 2017-жылдын 22-декабрында Мошерге турмушка чыккан. Бирок саналуу мүнөттөрдөн кийин күйөөсү менен оорусунан улам түбөлүккө коштошкон. Бул тууралуу Хезердин курбусу интернеттеги жеке баракчасына жазган.
"Хезер эрктүү кыз, ага сүйүү сезими ажалдан коркпой турган күч берди", - деген курбусу.