Дубайдагы жаңы жылдык лазердик шоу "Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор" китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 31-декабрдан 1-январга караган түнү 10 миңдеген адамдар эң бийик имараттардын бири Бурж-Халифа мунарасынын бетине түшүрүлгөн ири лазердик шоу көргөзмөсүнө күбө болушту.
Бул лазердик шоу "Гиннесстин рекорддор" китебине "Бир имараттагы ири лазердик жана музыкалык шоу" аталышында кирет. Буга чейинки рекорд 2013-жылы Гонконгдо коюлган. Анда лазердик шоу өткөн жайдын аянты 46 миң чарчы метрди түзгөн.
Ал эми Дубайдагы лазердик шоу уюштурулган аянт 109 миң чарчы метрди камтыган.