Чүйдөгү эки аялды атып өлтүрүп, үй ээсин жарадар кылгандар үйдөн 100 миң сом жана алтын, күмүштөрдү уурдап кетишкен.
Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Кылмышка шектүүлөр үйдөн 100 миң сом өлчөмүндөгү акча алып, андан сырткары 93 миң сомдук алтын зер буюмдарды уурдап кетишкен. Шектүү деп кармалган жарандардын аты-жөнү такталып, алар Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. экени белгилүү болду. Окуя тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болгон, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми окуя болгон учурда үй ичинде 2 айлык наристе да болгон. Ал учурда туугандарынын кароосунда.