Шайырбек Ташиев: "Ата журтчу" депутаттар бошотулбаса, 8-июнда кайрадан Ош-Бишкек жолун тосушубуз мүмкүн"
"7-июнда "ата журтчу" 3 депутат боюнча сот жыйыны өтөт. Эгер сот аларды актап, бошотпосо 8-июнда кайрадан Ош-Бишкек жолун тосушубуз мүмкүн",- деп билдирди Жалал-Абаддагы митингдин активисти, депутат Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев. Анын айтымында, митингчилер түнкүсүн түнөп жаткан боз үйлөр азырынча бузулбайт. "Чогулгандар деле чарчап бүтүштү, депутаттарды бошотсо баарына эле жакшы болмок",- дейт ал. Айта кетсек, учурда Ош-Бишкек жолу ачык, 3 күндөн бери токтоп турган унаалар өтүп жатат.