Ахматбек Келдибеков: "Кыргызстан чиновниктерге саламаттыкты сактоого караганда эки эсе көп каражат коротот"

Кыргызстан чиновниктердин аппаратын камсыздоого саламаттыкты сактоого караганда эки эсе көп каражат коротот. Бул тууралуу ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков 2013-жылкы бюджеттин долбоорун карап чыккандан кийин билдирди. "Бюджетте мамлекеттик кызматкерлерди камсыздоого 20,5 миллиард сом каралыптыр. Билим берүүгө - 6,3 миллиард сом, маданиятка - 1,3 миллиард сом, саламаттыкты сактоого - 10 миллиард сом. Айтор, чиновниктерге медицинага караганда эки эсе көп каражат коройт",- деди эл өкүлү. Депутаттын айтымында, бюджеттин структурасы туура эмес жана жаңы каражат булактарын табуу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан