Пэрис жана Крис мындан 8 жыл мурун "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинен кийинки кечеден жолугушкан. Бирок алар арадан 6 жыл өткөн соң гана сүйлөшө башташкан.
Актёр Крис Залк Пэрис Хилтонго баш кошуу тууралуу сунушун тоодо киргизген. Алар эс алып жаткан лыжа тебүүчү жерде Крис тизелеп сүйүктүүсүнө бирге болуу тууралуу сунушун айтып, 20 караттык бриллиант көздүү шакекти сунган. Ырчы сунушка макулдугун дароо билдирген.