Футболдук карьерасын 2017-жылы жыйынтыктаган белгилүү оюнчулар

Өтүп кеткен 2017-жылы футбол дүйнөсүндө аттын кашкасындай таанымал болгон көптөгөн футболчулар өз карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу жар салышты. Футбол күйөрмандары жаңырган жылда көк майсаң үстүндө кайсы футболчуларды көрө алышпайт?

1. Филипп Лам

"Бавария" клубунун көп жылдык капитаны, клубдун символуна айланган Филипп Лам быйыл өз карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу жарыялаган. Мюнхендиктердин курамында 33 жаштагы футболчу Германиянын сегиз жолку чемпиону болгон. Коргоочу Германиянын улуттук курама командасынын курамында 2014-жылы Дүйнө чемпиону аталган. Лам карьерасын жыйынтыктаган соң бизнес менен алектенерин билдирген.

2. Фрэнк Лэмпард

"Вест Хэмдин" тарбиялануучусу болгон Фрэнк Лэмпард карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу 2017-жылдын февраль айында жар салган. 21 жылдык карьерасында "Челси", "Манчестер Сити" жана "Нью-Йорк Сити" клубдарында ойногон. Өзүнүн карьерасынын көп бөлүгүн "Челсиде" өткөргөн. Лондондук клубдун курамында Лэмпард үч жолу Англиянын чемпиондугун жана Чемпиондор Лигасын уткан.
3. Андреа Пирло
Италиялык футболчу Андреа Пирло өзүнүн карьерасын "Нью-Йорк Сити" клубунда жыйынтыктаган. 38 жаштагы футболчу өзүнүн карьерасын "Брешиада" баштаган. Өзүнүн карьерасында италиялык "Милан", "Интер", "Ювентус" клубдарында ойногон. Италиянын улуттук курама командасы үчүн 116 оюн өткөргөн. Анын эң чоң жетишкендиктеринин бири болуп 2006-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы жеңиши болуп эсептелет.

4. Рикардо Кака
Жыл аягында өзүнүн карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу белгилүү жарым коргоочу Рикардо Кака билдирген. 35 жаштагы бразилиялык футболчу "Орландо Сити", "Реал Мадрид" , "Милан", "Сан-Паулу" клубдарында ойногон. 2007-жылы "Милан" үчүн ойноп жүргөн мезгилинде "Алтын топту" утуп алган. "Мен өзүмдү эми футбол жаатында менеджер же спорттук жетекчи катары карьерамды улантсам деп жатам", - деп билдирген Кака.
5. Франческо Тотти
"Италиялык император" каймана атка конгон "Рома" футболдук клубунун капитаны Франческо Тотти өткөн жылы футболист катары карьерасын жыйынтыктады. 25 жылдык футболдук карьерадан кийин Тотти "Рома" футболдук клубунун жетекчиси болуп дайындалган. Тотти "Рома" үчүн 783 оюн өткөрүп 307 гол киргизгенге жетишкен.

6. Томаш Росицкий
Чехиянын улуттук курама командасынын мурдагы капитаны Томаш Росицкий да 2017-жылы карьерасын жыйынтыктады. Алгач оюнчу 1999-2000-жылдары прагалык "Спарта" үчүн ойногон. Андан соң өз өнөрүн дортмундук "Боруссияда" тартуулап клуб үчүн 189 оюн өткөрүп 24 гол киргизген.

7. Хаби Алонсо
Мюнхендик "Бавариянын" жарым коргоочусу Хаби Алонсо өзүнүн карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу март айынын башында билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялаган. "Мен футболду сүйүп, аны менен жашачумун. Кош бол, мыкты оюн", - деп билдирүү жазган ал. Алонсо өзүнүн карьерасында атактуу "Реал Мадрид", "Ливерпуль" футбол клубдарында да мыкты оюн көргөзгөнгө жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2018-01-03 14:22:21
франческо тотти откон жылы футболчу катары карьерасын жыйынтыктады деп жазылса керек менимче.
-1
tatum67
2018-01-03 15:56:19
"Рома" футболдук клубунун жылдызы болгон Франческо Тотти өзүнүн карьерасын 2017-жылдын 28-майда жыйынтыктаган. Ал акыркы оюнун "Дженоа" футболдук клубуна каршы оюнда ойногон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан