Парламенттин 5-июндагы жыйыны уланып жатат. “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу депутат Замир Бекбоев баяндама жасоодо. Мыйзам долбоору боюнча буга чейин депутат Дастан Бекешевден гана сунуш түшкөнүн, ал тамекиге болгон салыкты көбөйтүүнү айтып жатканын билдирди баяндамачы. Ал эми Бекешев “Тамекинин баасын 2014-жылы 2, 2015-жылы 4, 2016-жылы 6 сомго көтөрсөк миллиарддаган акча бюджетке түшмөк”,- деди.