Тосулган Ош-Бишкек жолунан зыян тарткан Нурлан: "1 суткада 9 миң сомго чыгаша болдум"

Белгилүү болгондой, 2-3-4-июнь күндөрү Ош-Бишкек жолу Жалал-Абад аймагынан жабылып турду. Анын айынан Ош менен Баткенден Бишкекке мөмө-жемиш ташыгандар зыян тартты. Алардын бири Нурлан Бактыбеков аттуу жаран окуяны мындайча айтып берди:  

 

"Бишкекке мөмө-жемиш алып келе жаткам, унаада 9 тонна жүк бар болчу. Жол тосулуу экен, айла жок көпчүлүктүн арасында мен деле өтө албай токтодум. Бир сутка ашык кармалып калдым, анан башка бир нерсе ойлоп табууга туура келди. Антпесем, эмгегим күйүп кетмек. Ошол жердеги митингчилердин өздөрү менен соодалашып, унаадагы кутучага салынган жүктөрдү эч кимге көрсөтпөй башка тараптагы жол менен тосулуп турган трассанын берки тарабына ташыттым. Аларга 9 миң сом акча төлөп бердим, жөнөкөй "жардам берип койгула" деген сөзүмдү укчудай эмес. 

Ал эми Ош-Бишкек жолунун тосулган жерине жакын жайгашкан үйлөр мейманкананын кызматын аткарып жатты. Акчасын төлөйсүң да, бир түнгө түнөйсүң. Ал жердегилер тамак-аш жасап сатышып, айтор, бизнес кылууга да жетишти".  

 

Ушуларды айткан Нурлан мырза, жол тосуу жакшы иш эмес экенин эл түшүнбөй жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан