Калифорнияда марихуананы расмий түрдө сатуу башталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Американын ири штаттарынын бири болгон Калифорнияда Жаңы жыл түнүнөн баштап марихуананы мыйзамдуу түрдө сатуу башталды. Жыл башынан тартып жашы 21 жаштан жогору болгон жарандар 28 граммга чейин марихуананы сатып алганга уруксат берилген. Ошондой эле эми дарыгерлердин уруксаты жок үй шартында бул өсүмдүктүн 6 даана көчөтүн өстүргөнгө болот.
Азыркы тапта марихуананы сатканга 40 компания гана лицензия алган. Кечки саат 10:00дөн тартып таңкы саат 6:00гө чейинки убактардан башка учурда маңзатты дүкөндөрдөн сатып алууга уруксат.
Марихуананы сатууну мыйзамдаштыруу маселеси 2016-жылдын ноябрь айынан тарта карала баштаган. Жаңы мыйзам Калифорниянын бардык аймактарында иштебейт. Бийлик өкүлдөрү белгилегендей, 70тен ашуун округда марихуананы сатууга жана өстүрүүгө тыюу салынган.