Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул бериле баштады. Аны алыш үчүн кандай документтер керек?

Сүйүнчү пул 2018-жылдын 1-январынан тарта жаңы төрөлгөн балдарга төлөнүп баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева кабарлады.

Анын айтымында, мыйзам 1-январда күчүнө киргени менен азырынча эч ким сүйүнчү пул ала элек.

"Жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү акча алуу үчүн ата-эне жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылып, өздөрүнүн паспортун, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат тапшыруусу керек. Ата-эне сүйүнчүнү бир жыл аралыгында алууга укуктуу. Бала бир жаштан өтүп кеткенден кийин кайрылса, акча берилбейт. Сүйүнчү акча ар бир балага берилет. Эне үч эм төрөсө ар бирине ала алат. Бирок өкмөттүн 370-токтомуна ылайык баланын жашаган жерине жараша төрт миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент аныкталса, жалпы сумма 7200 сом болмокчу. Азырынча сүйүнчү алуу үчүн жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына канча адам кайрылганы белгисиз", - деди Турганбаева.

Ал белгилегендей, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Batma08
2018-01-04 13:36:02
Жашаган уй шартына карабастан баарына берилеби
+8
gulzat85
2018-01-04 14:09:02
Batma08,албетте
+7
cholpon119966
2018-01-04 14:38:30
159мин ымыркайдын ичинде менин да наристем болот буйурса☺
+31
Bars111
2018-01-05 03:52:50
cholpon119966,Ниетиңе жет карындашым
+2
MIRAN
2018-01-04 14:47:04
Жакшы кабар,материнский капитал болсо да жакшы болмок,бирок экономикабыз ага чыдабаса керек
+2
Damil
2018-01-04 14:54:47
Саламатсыздар. Ошондо суйунчу пулду бала бир жашка чыккыча болсо анда 2017- жылы торолгон балага алабызбы?
+5
urmat-87
2018-01-04 15:04:35
Damil,2018жылдын 1-январынан кучуно кирген мыйзам боюнча болуш керек ошондо 2018дин 1-январынын бери торолгон наристелерге гана
+6
Petrovka
2018-01-04 15:51:10
Уй булоо мучосунон бироо башка олконун жараны болсо берилеби жокпу билгендер барбы
+1
dina
2018-01-04 21:08:07
Petrovka, баланы торогон эне КР жараны болсо берилет.
0
Ayida
2018-01-04 15:52:43
Пособиячы ?
0
Nevestkaa
2018-01-04 18:15:07
Элдин башын айлантпай баарына бирдей эле 4000сомдон бербейби?!
0
Abdumital
2018-01-04 20:26:06
Мен 26 декабрьда уулдуу болдум ошондо мен алсам болбойбу 4 минди
+1
guli-1980
2018-01-05 00:31:08
Abdumital,5 кун кое турган эмес экенсизда
+2
Abdumital
2018-01-05 09:49:05
guli-1980, ;-) билбедимда жетбей калышын
0
Bars111
2018-01-05 03:56:38
Abdumital,Abdumital,Мен ошол күнү 33 жашка толдум. Мамлекет бербесе мен берем сизге ошол сүйүнчү акчаны.
0
Abdumital
2018-01-05 09:47:23
Bars111, уже бергендей эле болдунуз рахмат
0
Ayka93
2018-01-04 22:25:44
Ошондо 2017 жыл торолгондорго ала албайбызбы.
0
ayka91
2018-01-05 12:21:06
Эч тушунгон жокмун. Кайра кайра окудум бирок тушунгон жокмун. Окмот тантырап атат бербештин айласын кылып. Баарына бирдей эле кылып койбойбу. Мен пособия тапшырганда силер катталган жеринде жашабайт экенсинер деп бербей койушкан. Катталган жерибиз айыл болсо,оокат кылабыз деп шаарга кетсек болбойт экен андай. Алардын ою бойунча биз окмот берген 700+700=1400сом учун айылда жашайт экенбиз.
+1
Liliia
2018-01-06 11:00:11
СҮЙҮНЧҮ АКЧА ЖӨНҮНДӨ
2018-жылдын 1-январынан тартып ар бир
жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө 4
миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилет.
Ал баланын ата-энесинин канчанчы баласы
экенинен көз каранды эмес, ар бир
ымыркайга бериле турган акча. Бирок эгер
баланын ата-энеси ымыркайды балдар үйүнө
өткөрүп берүүнү чечсе сүйүнчү акча
берилбейт. Сүйүнчү акча - ар бир төрөлгөн
ымыркайга бир жолу берилүүчү каражат.
ЖӨЛӨК ПУЛДАР 3 ЖАШКА ЧЕ
0
Liliia
2018-01-06 11:01:36

ЖӨЛӨК ПУЛДАР 3 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ
БАЛДАРГА БЕРИЛЕТ
Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир балага
төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин ай сайын
700 сомдон (жети жүз) жөлөк пул берилет.
Эми үй-бүлөнүн социалдык абалы, тапкан
кирешеси текшерүүгө алынбайт. 700 сомдон
жөлөк пул - ар бир 3 жашка чейинки балдарга
текши берилүүчү каражат.
"ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК" АКЧА КИМГЕ БЕРИЛЕТ?
Эгер сиздин 3 же андан көп балаңыз бар
болсо "Үй-бүлөгө көмөк&q
0
Liliia
2018-01-06 11:02:56

"ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК" АКЧА КИМГЕ БЕРИЛЕТ?
Эгер сиздин 3 же андан көп балаңыз бар
болсо "Үй-бүлөгө көмөк" акчасын ала аласыз.
Анын тиешелүү шарттары бар. "Үй-бүлөгө
көмөк" акчасы көп балалуу үй-бүлөлөрдү
колдоо максатында берилгендиктен 1-2-
балдарга чыгарылбайт. 3-балаңыздан баштап
3 жаштан 16 жашка чейинки балдарыңызга ай
сайын 500 сомдон көмөк акча чектелет.
Көмөк акча балдарыңыз 16 жашка толгондон
кий
0
Liliia
2018-01-06 11:04:24

Көмөк акча балдарыңыз 16 жашка толгондон
кийин токтотулат. Көмөк акча үй-бүлөнүн
социалдык абалына карабай, текши берилет.
(Мисалы: Сиздин 5 балаңыз болсо улуу эки
балаңызга көмөк акча чыгарылбайт. 3-4-5-
балаңызга 3 жаштан 16 жашка чыкканга
чейин ай сайын 500 сомдон көмөк акча ала
аласыз).
АТА-ЭНЕДЕН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?
2018-жылдын 1-иш күнүнөн тартып ата-энелер
жашаган жеринен (катталган эмес, жашаган
жеринен) маалым кат,
0
Liliia
2018-01-06 11:05:39

АТА-ЭНЕДЕН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?
2018-жылдын 1-иш күнүнөн тартып ата-энелер
жашаган жеринен (катталган эмес, жашаган
жеринен) маалым кат, өздөрүнүн
паспортторунун жана балдардын күбөлүгүн
алып өзү жашаган аймактын социалдык
коргоо башкармалыктарына кайрылуусу
керек. 10 күндүн ичинде сиз тапшырган
документтер катталып, талаптарга жооп берсе
кийинки айдан тартып тиешелүү жөлөк пул же
көмөк ачка бериле баштайт. Акчалар банк
аркы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан