Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында депутат Исмаил Исаков менен вице-премьер-министр Шамиль Атаханов айтыша кетишти. "Мен Атахановдун Жети-Өгүздө кримавторитет Максат Абакиров (Водолаз) менен сүйлөшүп, андан кечирим сурагандыгы тууралуу видео бар экенин айткам. Эми Атаханов мени сотко берем дептир. Бул адамдын жыйынга келип катышууга акысы жок",- деди Исаков. Атаханов буга "мен эч кимден кечирим сураган эмесмин, буга далил керек. Менин атыма байланышкан мындай ушактарды токтоткула",- деп депутаттын сөзүн четке какты.