Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратынын ичинде отурган энелер 7-июнга чейин кетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда аталган аймактагы митинг аяктоо учурунда айтылды. 7-июнь күнү депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча соттук жыйын болот. Эгер аталган депутаттар соттун чечими менен камактан бошотулса, анда энелер имаратты бошотушат. Энелер митингчилер менен жолугушууга барган өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге ушундай талап коюшту.