Бусурманкул Табалдиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды
Бусурманкул Табалдиев Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик
аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 5-июнда
президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Ошондой эле ал КРнын Коргоо кеңешинин катчысынын милдеттерин
убактылуу аткара турган болду.