Египеттин башкы муфтийи криптовалютаны колдонууга тыюу салган фатва чыгарды

Египеттин башкы муфтийи шейх Шавки Аллам өлкө аймагында криптовалютаны колдонууга тыюу салган фатва чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Ислам дининде биткоинге тыюу салынган. Бул алдамчылык жана адепсиздик менен бирдей күнөө катары саналат. Биткоин виртуалдык валюта болуп, эч кандай борбордук орган көзөмөлдөбөгөндүктөн, аны менен колдонууда бир топ коркунучтар бар. Ал айрым адамдарга жана мекемелерге залал келтиргени үчүн шариятта тыюу салынган", - деп жазылат маалыматта.

Криптовалюта - бул бүгүнкү тил менен айтканда электрондук каражат. Учурда криптовалюталардын эң баалуусу – бул биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта "Bitcoin Foundation" америкалык компаниясы жүргүзүп келет. 2017-жылдын башында биткоиндин баасы 1 миң доллардан төмөн болчу, жыл аягында анын баасы 20 миң долларга чейин жогорулаган. Кийин 1 аптанын ичинде 25 пайызга арзандап кетип, көп коркунучтарды жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tular
2018-01-06 00:20:46
Туура кылган. Биткоин козго корунбогон, колго урунбаган электрондук акча каражат кантип ишенсе болот? Ойлонгулачы эл-журт!!!
+5
voennyi88
2018-01-06 09:48:38
А биздин муфтият эки аял алгыла деп фатва чыгарат.
-2
kriss120
2018-01-06 13:04:15
voennyi88,Эки аялды духу жеткен эркектер алат.
+3
NIkalike
2018-01-06 14:11:05
Биздин муфтияттын биткоинду тушунот дейсинерби?
-2
bekov01
2018-01-06 15:14:00
NIkalike, жок ай кайдан тушунмок еле. Сизден башка ечким тушунбойт аны
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан