АКШда сууктан 16 адам каза болду

АКШда аба ырайынын температурасы кескин төмөндөп, өтүп бара жаткан апта аралыгында 16 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, Висконсин штатында 6 адам, төртөө Техаста, үч жаран Түндүк Каролинада каза болгон. Мындан тышкары Мичиганда, Миссури жана Түндүк Дакотада да суук аба ырайынан бирден адам көз жумган. Калың кар, бороондуу шамал жана үшүк жүрүп бир топ шаарларда жашоо кыйындаган. Бороондон улам 3100 аба каттамы токтотулуп, жүздөгөн мектептер убактылуу жабылган.
5-январда Улуттук метеорологиялык кызмат билдиргендей, аяздуу аба ырайы жуманын соңуна чейин сакталат. Нью-Гэмпшир штатында абанын температурасы -40 градуска жетсе, Нью-Йоркто -28 градуска чейин төмөндөгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
vavilon.
2018-01-05 22:24:36
Суук ошол онуккон олколорго бара берсин, аларда техника бут баары жетиштуу. А Кыргызстанды Кудай озу колдосун.
+22
Pandora
2018-01-05 23:29:58
vavilon.,)))
+5
MUHLISA
2018-01-06 00:08:37
vavilon.,+++
+6
UEFA-FIFA
2018-01-05 23:30:29
Только бомжтар олотта мындай суукта).
+5
MUHLISA
2018-01-06 00:04:29
Негедир АКШ штаттарында табигый кырсыктар көп болуп жатат,жетиштүү техникасы сактай алат бекен .
+5
sely
2018-01-06 03:48:09
MUHLISA,гейлер лесбиянкалар транссексуалдар кобойгон себеби жыл сайын парад откорушот. Тоообоо
Тообооо кудай сакта
+3
Azat.97
2018-01-06 00:51:29
Кар коп жааса жакшы болмок
+3
Zaina
2018-01-06 02:13:37
Эмне мынча ойлогон оюнар, ниетинер мынча начар, тайыз? Ал жерде миндеген улуттун окулдору жашайт, сага жана мага окшош адамдар. Ал жерде миндеген кыргыздар жашайт
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан