Ала-Букадагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен кытайлык компания 400 жумушчуну иштен бошотту

Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенинде иштеген 400гө чукул Кыргыз жарандары жумуштан айдалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Абдижалил Ташматов билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчулар жаңы жылга карата өзгөртүлгөн келишимге макул болгон эмес. Мындан улам кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 400гө жакын кызматкерди жумуштан бошоткон.

"Негизи жумушчулар менен түзүлүүчү келишим көп жылдан бери эле өзгөртүүсүз келген. Маселенин баары келишимдин узак мөөнөттүү түзүлбөгөндүгүндө болууда. Быйыл компания биринчи жолу кызматкерлерге ушундай шарт коюп жатат. Жаңы келишим боюнча кызматкерлердин айлык маянасы азаят. Ошондуктан кызматкерлер келишимге баруудан баш тартты. Буга чейин кен иштеткен компанияда маселе болуп турган. Бирок биз аны мыйзам чегинде эле сүйлөшүү жолу менен чечип келгенбиз. Бул жолу 400 адамдын жумушсуз калышы маселе жаратып жатат", - деди Ташматов.

Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер эмгектенет. Алардын 400гө жакыны жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыккан. Учурда компания кызматкерлери жок убактылуу ишин токтотууга мажбур болгон. Кызматкерлердин орточо маянасы 30 миң сомду түзөт.

Айта кетсек, "Иштамберди" алтын кени 2015-жылдын 20-сентябрында ишке кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Too-tash
2018-01-06 13:48:19
Эми биз олкодогу бардык алтын-кумушту озубуз акысыз казып, Кытай менен Канадалыктарга бут баарын тугол откоруп беришибиз эле калды......

Бийлигин ошол болсо, алтын-кумушубузду коноктор ташып байыйт, озубуз болсо талаалап журобуз биртке тыйын учун...

Анан дагы эмнеге онукпойбуз деп коебуз... Эгер ушул алтын-кумуштор башка мамлекеттики болгондо, катар катар завод-фабрика куруп, онугуп, гулдоп кеткен болоор эле.....
+3
bond02
2018-01-06 13:54:12
Кен казган кытайлар болсо кен биздики, аларга караганда биздин кызыкчылык жогору туруш керек!
+2
KGstan1981
2018-01-06 14:00:34
Эсинердеби АША айткан биз бардык алтын кендерибизди иштетиш керекпиз деп.Биздин атка минерлер кытайлардан оз долясын алып алышкан.Эми кытайлар оз билгенин этишет.Биздикилер аз айлыкка иштешпешсе анда кытайлар келишет анан Кудай сактасын кытайлар басып кетет.Ошону учун АШАны камаш керек.
+2
Benazir08
2018-01-06 14:14:04
Каршыбыз. Тоо кендерди ощубуз жабдык алып келип иштетип туура пайдалансак гана... аттин биздикилер ме деп эле баарын берип тугото турган болдук. Кыталайларды жабдык иштеткенге гана жардамдаш деп калганын озубуз иштетишибиз керек
+4
kai42444
2018-01-06 14:19:00
Иштамбердиде иштеген кытайлык копанияны жаап салыш керек Биз иштеикенге кучубуз да башка нерсебиз да жетет
Мисалы:Терек-Сайда Кыргыз Алтын компаниясы иштеп план толтура алган эмес бирок эле оз алдынча иштегенде бир айлвк пландв эл 10 кундо толтурган...
+3
Too-tash
2018-01-06 14:20:22
Эгер мен президент болсом, Кумторду иштетууго 2 жыл мораторий, Кумтордон башка олкодогу бардык алтын-кумуш кендерин иштетууго кеминде 20 жыл мораторий киргизмекмин...

Кыргызстанда алтын-кумуш казган бут бардык ишкана жетекчилерин, менеджер, бухгалтер, финансист ж.б.башкаруу звеносунун адамдарын камап, ар бир кен боюнча чон текшеруу жургуздурмокмун...

+3
Too-tash
2018-01-06 14:23:24
Кен иштеп баштагандан бери канча алтын-кумуш ондурулуп канчасы кайда ташылып, канчасы уурдалганы, жаратылышка канча зыян жеткизилгени боюнча... Текшеруу бутконго чейин камалган жетекчилер турмодо калып, текшеруу буткон сон чон соттук процесс баштатмакмын. Эгер Кытай же Канада олкосу оз жарандарынын бошотулуусун кааласа, текшеруу жыйынтыгында ар кандай махинация, уурдоо, жаратылышка зыян келтируу сыяктуу миллиарддаган чыгымдарды толоого туура келмек, ошол олколорго.
+3
Too-tash
2018-01-06 14:27:06
Болбосо алтын-кумуш казып Кыргызстанга миллиарддаган зыян келтирип жаткан чет олколуктор омурунун акырына чейин турмодо калмак...

Анан калса 1991-жылдан бери алтын-кумуш афераларына аралашкан, пара алган, "доляда" отурган, Центерра сыяктуу чет эллик компаниялардын пайдасына иштеген же чечим чыгарган ар бир аткаминер, министр, депутат, экс Окмот башчы, экс президенттер бут баары камалмак, айыл окмот жетекчилерине чейин... Баарынын мал-мулк, байлыгы конфискацияланып
+3
Too-tash
2018-01-06 14:30:15
Коррупцияга аралашкан бут жетекчилер "жегендерин" кусмак, акыркы тыйынына чейин....

Баары келип президентке такалат...

Олкодо эл учун ак кызмат кылчу президент олко башына келмейинче, олконун кен байлыктары тонолгону тонолгон, бир ууч кыргыз дуйнонун торт бурчуна тентигени тентиген...

Балык башынан сасыйт дейт, бизде коррупциянын башаты да, ар кандай ири афера, махинациялардын башаиы да Акуйго, президентке барып такалат....
+3
Taalaibek92929
2018-01-06 14:36:22
Ичин куйотта мындай создору угуп. Кыргызстан жеп жок кыла турган болду бул жогорудагылар. Колубуздан эч нерсе келбейт та. Бут государствага иштегендер даже айылда окмотто иштегендер дагы коррупцияга батып каптыр. Мындай кетиште Кыргызстан онолушка коз жетпейт. Наоборот скоро жок болуп кетет
+2
Benazir08
2018-01-06 15:33:38
Куйбөгөн жериң күл боло турган болду. Мне кылып отурушат анавылар. Аттин Баяман, Мелистер болгондо баарын өнүктүрмөөөк
+4
sanzhar83
2018-01-06 16:01:17
Иштамберди Ала-Бука районунда эмес Чаткал районунда
+2
daniel87
2018-01-06 16:52:43
Озубуздо айып бар элдер кичине акчага алданып оозубузду ачыып отура беребиз!АША менен жалгыш курошкон Текебаевди камап койуп из билгендерин кылып жатышат!эл учун турган Текебаевге эл туруп бере алган жок!!!мына Эми президенте кучтуу атандаш жоок!Кырг гулдогон корупция кучак жайууда
0
Khabib
2018-01-06 19:28:16
Ха ха оз жеринде кор болгон кыргыз
0
admin_superstan
2018-01-08 11:13:22
Khabib, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 5 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан