Видео Кытайда тартылып алынгандыгы чет элдик басылмаларда жазылууда. Андан панда айлананы каптаган аппак карга укмуштуудай кубанып, ойноп жатканын көрүүгө болот.
Кар күрткүдө оюн салган панданын маанайын жаратылыш көтөргөн өңдүү. Ал ары оонап, бери оонап, бак-даракка чыга калып, айтор шайыр.
"Панда кардын жааганына жаш баладай кубанды. Акыркы күндөрү Кытайга калың кар түштү, бирок мындай аба ырайы айрым жаныбарларды кубандырды", - деп жазылган интернетке жүктөлгөн видеонун астына.
Жаныбардын кубанычын көргөн интернет колдонуучулардын арасында анын жаратылыштан алган таасирине суктангандар көп.