Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен кызматташтык мамилелерди жакшыртууну тапшырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматта Ким Чен Ын Сеул менен эки тараптуу кызматташууну жакшыртуунун шарттарын түзүү ниетин билдиргени айтылат. Анда түндүк менен түштүк мамилесин жакшыртуу жана биригүү менен натыйжалуу бурулуштарды жасоо зарылдыгы, эки өлкө буга чейинки болгон мамилелерге көз жумуп, келечекке карай кадам ташташы керектиги белгиленген.
Ким Чен Ындын демилгесинде, Пхеньян менен Сеулдун мамилесин гана жакшыртуу эмес, улуттарды бириктирүүгө да басым жасалды.
Билдирүүдө белгиленгендей, бул жетишкендикке эки тараптын гана тынымсыз кызматташтыгын жакшыртуу менен жетүүгө болот. Ошол эле учурда Ким Чен Ын эки мамлекеттин элдешүүсүн корей улутунун ички маселеси катары сыпаттап, бул учурда Пхеньян жана Сеул башка өлкөлөрдөн жардам сурабашы керектигин билдирген.