"Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында чоң улак тартыш өттү. Аламан улак тартышка бир нече ири байгелер сайылды", - деп кабарлады окурман бүгүн, 7-январда WhatsApp аркылуу.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, жергиликтүү тургундардын бири атасынын ашын берип, катарлаш аламан улак уюштурган.
"Улак тартыш кечээ, 6-январда өтүп ага белгилүү улакчылар Манас Ниязов, аймакка белгилүү Жаныш, Таалай аттуу улакчылар келип оюн жогорку деңгээлде, кызуу жүрдү. Көрүүчүлөр да, улакка түшкөндөр да абдан көп болду. Байгеге Жигули унаасы, төө, уй музоосу менен, топоз, торпок, 2 тай жана ээр токуму менен 1 жылкы сайылды", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.