Бишкекте №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорун кызматтан бошотуу талабы менен митинг өтүүдө

Бүгүн, 8-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында Бишкектеги №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Айдарбек Шакировду кызматтан бошотуу талабы менен митинг өтүүдө.

Аталган борбордун дарыгери Элвира Чудубаеванын айтымында, Айдарбек Шакиров дарыгерлерге жаман мамиле кылат.

"Анын жетекчилик сапаты жок. Дарыгерлерди басынтат. Биз жогорку билимдүү адамдарбыз. Биз этиканы билген, жетекчилик сапаты бар адамды жетекчи кылып дайындап берүүнү талап кылабыз", - деди Чудубаева.

Аталган борбордун дагы бир кызматкери Айгүл Сматова билдиргендей, Айдарбек Шакиров борбордун 102 кызматкерин жумуштан негизсиз бошоткон.

"Мен сени менен иштегим келбейт деп жумуштан кетирет. Эки орун басарын кетирди. Өзүнүн кишилерин бул кызматка коюп жатат. Акыркы эки айда кызматкерлерди массалык түрдө бошотуп баштады", - деди ал.

Учурда митингге 50дөн ашык адам катышууда. Элвира Чудубаева эгерде министр бул маселе боюнча чара көрбөсө, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыга турушкандыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eldar96
2018-01-08 10:57:49
Чын эле силер суроттогондой эле текебер болсо, анда бошотуу керек
+3
Aitunuk
2018-01-08 13:12:16
Туура кылышыптыр, кетти деген маалыматты окудум. Чынында эле башаламандык болуп жаткан. Экинчи кабаттагы 2 кабинеттен турган процедурныйды биринчи кабатка, кире бериштин тушундагы кабинетке көчүргөн, өтө кичинекей кош бойлуулар да, балдар да, иши кылып баары 3х4 чарчы кабинетке суукта, узун кезекте сырт киймин чечип күтүп турушат. Оорулуу эмес, соо адам да ооруйт, ал эми 2-кабаттагы кабинеттерди массаж кабинети кылып коюптур. Акмакчылык.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан