Кытайлык миллионер 3 жылдан бери көчө шыпырып, таштандыларды терип айлананы тазалайт

Кытайлык миллионер 3 жылдан бери таң эрте көчө шыпырып айлананы тазалап келет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Кытайдын Чунцин шаарында 51 жаштагы жергиликтүү миллионер Чжун Цунжун 3 жылдан бери таң эрте көчө шыпырып, таштандыларды терип айлананы тазалайт. Цунжун автоунааларды жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу менен алектенет.

Анын айтымында, айлана-чөйрөнү коргоо жана аны таза кармоо адамдын социалдык статусунан көз каранды эмес. Ал өзүнүн мисалы менен адамдарды тазалыкты сактоого үндөгүсү келет.

Ошондой эле ал бул үлгүнү Цинхуа университетинин профессорунан 2015-жылы Хайнань аралында эс алып жатканда алганын маалымдаган.

"Мен жолуктурган профессор төрт жылдан бери деңиз жээгиндеги таштандыларды тазалап келет экен. Бул окуяны көргөн соң мен дагы тазалыкты сактоого өз салымымды кошуп башкаларга үлгү болгум келди", - деп билдирген миллионер.

Мындан сырткары, Чжун Цунжун башында өз короосунан баштап кийин жакын жайгашкан аймактарды да тазалап баштаганын жана өз кызматкерлерине да табиятты коргоп, айлана-чөйрөнү таза кармоо зарыл экенин дайыма эскертерин кошумчалаган.

Көчө шыпырган миллионер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
МАЛЫШ
2018-01-08 12:25:28
Биздин миллионерлер-чиновниктер. Биздики деле шыпырат, бирок, бюджеттен элдин акчасын!
+38
fair_play
2018-01-08 13:01:44
МАЛЫШ,))))
+7
gute
2018-01-08 12:25:38
Биздин миллионерлер кочо шыпырмак турсун жоо баскылары келбейт Баары Уйдай болуп семирип кетишкен
+23
Simels
2018-01-08 13:12:29
gute, :) Туптуура Айттыныз
+6
kechirmeni
2018-01-08 12:26:47
мына чыныгы адамдык сапат
+11
Asman...
2018-01-08 12:27:40
Биздин миллионерлер акча шыпырат кочо эмес. Элдин акчасын
+10
Kattaldym
2018-01-08 12:36:17
Биз шыпырганды кой, булгабай эле койсок таза болмок да кочолорубуз. Шыпырып, тазалап турган жер таза эмес, булгабаган жер таза.
+6
bond02
2018-01-08 13:06:24
Мына тазалык миллиондордон да кымбат тураарын кордук.
+5
RusMos76
2018-01-08 13:12:36
Биздин миллионерлер 2чи катын алат же бийликке аракет кылат бар байлыгын жумшап!
+5
Real.88
2018-01-08 13:25:13
Мына сага жонокойлук!
Биздикилер кичине байыса, шыпыргы эмес, зонтигин озу кармабай калат.
+14
marat88
2018-01-08 13:42:09
Бизде анча мынча эле озунун ак эмгеги менен байыган миллионерлер болбосо калганы баары элдин эсебинен байыгандар. Ошон учун сыртка чыгыштан кооптонушат арам акча аш болбосун билишетда. Оздорунчо керчейишет корбогондун коргону курусун болуп булжагы.
+3
Ermekbai
2018-01-08 14:07:23
Биздин элге жуксун жуксун
+3
Magusi
2018-01-08 18:54:09
Ermekbai,суф суф деп кой
+1
Ermekbai
2018-01-08 14:08:14
Жер жүзүндө карапайым эл көбөйсүн.
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-08 14:18:25
Ден солук жакшы эчкимден карызын жоок уй булоо аман эсен тамак аш кенен ошол мен деле озумду миллиардер эсептейм
+5
Baiaman997
2018-01-08 14:25:41
Бизде деле 4млрд как болгондо ,хотябы бир экоосун ушундай адам болмок))
-1
Azatbek83
2018-01-08 20:15:38
Аша шыпыргыны которуп чык эшике!
0
Arlenchik
2018-01-08 20:18:04
Азамат экен, чыныгы адамдык сапат деп ушуну айтса болот, биздикилер тазалаганды коюп колдонгон нерселерин кетип баратып ыргытып койбой мусорный ящикке алпарып ташташса азамат дейт элек.
0
Zainidin96
2018-01-09 00:54:39
Азамат биздеда ушундай адамдар кооп болсо экен биздин миллионерлер кочо шыпырмак турсун озунун бут кийимин кийе алышпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан