Депутат Абдырахман Маматалиев "Жети-Өгүздөгү митингдин катышуучуларынын өкмөткө дооматы жок экен. Алардын депутаттарга гана дооматы бар экенин Шамиль Атаханов айтыптыр, буга жооп берсин",- деди парламенттин 5-июндагы жыйынында. Мындай маалыматты Атаханов четке какты. “Мен мындай маалымат тараткан эмесмин. Митингчилер менен жолугуп жатканда өкмөт "Кумтөр" маселесин депутаттар менен бирге карай тургандыгын айткам. Журналисттер жалган кабар таратып жатат”,- деди вице-премьер-министр. Шамиль Атахановдун “депутаттарга элдин дооматы бар” деп айткан сөзүн укканын төрага Асылбек Жээнбеков да кошумчалады.