Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 5-июнда парламент жыйынында “Центерра Голд” компаниясы өкмөт менен сүйлөшүү мөөнөтүн декабрь айына чейин узартып берүүнү суранганын билдирди. Өкмөт бул сунуштан баш тартып, сүйлөшүүнү сентябрь айына чейин бүтүрүү керектигин билдирген. Учурда эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканы айтылды. “Бардык чечим жогорку деңгээлде кабыл алынышы керек, ошондуктан Канаданын мыйзамдарын жакшы билүү шарт. Үч айда баарын бүтүрүү мүмкүн эмес, сентябрда парламентке келип маалымат берүүгө даяр болуп калабыз деген ишенич бар”,- деди Оторбаев.