"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров грант келсе бекер акча келгенсип шашылыш түрдө ратификациядан өткөргөндү токтотуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
"Келген грантты бекер акча келгенсип ратификация кылганды үйрөнүп алдык. Эгер ичине кирип терең карап көрсөк, бир эл аралык эксперт 70 миң доллар, жергиликтүү эксперт 9 миң доллар алат экен. Кылган ишинин дайыны жок. Мындай адаттан арылышыбыз керек", - деди Мирлан Бакиров.
Жыйында вице-премьер-министрлик кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып, депутаттар колдоду.