Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылында суу түтүктөрүн оңдоо боюнча тендерди утуп алган ишкана чуңкурларды казып, пластик түтүктөрү кардын астында калган бойдон ишти уланта элек. Бул тууралуу "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
"Чоң-Арык айылында суу түтүктөрүн оңдоо үчүн Каржы министрлиги 3 миллион 500 миң сом каражат бөлүп берген. Оңдоо боюнча бөлүнгөн акчага тендер жарыяланган. Биринчи тендер туура эмес өтүп, бир айдан кийин кайра тендер өткөрүлүп "Сафира" деген ишкана жеңип алган. Келишим боюнча аталган ишкана өткөн жылдын декабрь айында оңдоо иштерин бүтүрмөк. Бирок чуңкурлары казылып, пластик түтүктөрү кардын астында калды. Бул жумуштарды суук түшкөнгө чейин бүтүрүш керек болчу да", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.