Депутат Дастан Бекешев транспорттук инспекцияны жоюп салууну сунуштады

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорттук инспекцияны жоюп салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Ал аталган инспекциянын милдеттерин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына өткөрүп берүү керектигин айтты.

“Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен транспорт инспекциясынын текшерүү иштери окшош. Маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдү толтуруп алып айдап жүрүшөт. Аны кимдер текшериши керек?” - деди Дастан Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан