Министрлик: "Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул дароо эле берилбейт"

Жаңы төрөлгөн балдарга төлөнүп берилчү сүйүнчү пул боюнча мыйзам 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бирок Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева ата-эне сүйүнчүнү дароо эле албай турганын 9-январда SUPER.KG'ге билдирди. Анын билдиргени боюнча, кайрылган ата-энеге сүйүнчү пулду берүү машакаты эки жума убакытты алат.

"Ымыркай бүгүн төрөлсө, ата-энеси эртеси эле сүйүнчү пул ала албайт. Анткени жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылып, өздөрүнүн паспортун, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат тапшырышкандан кийин, акча 10 жумушчу күндүн аралыгында чегерилет. Ал эми башкармалыктарда накталай акча кармалбагандыктан Каржы министрлиги которгон акча почталар аркылуу жеткирилип берилет. Сүйүнчү пул 2018-жылдын 1-январына чейин төрөлгөндөргө берилбейт", - деди Кадыралиева.

Өкмөттүн 370-токтомуна ылайык, баланын жашаган жерине жараша 4 миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент аныкталса, жалпы сумма 7200 сом болмокчу.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Aikoo2014
2018-01-09 18:11:18
Мурда деле ошондой болчуго, айткан докменттер даярдасан анан пасобия алчу почта болумдорунон алынатго.
+2
Tyty1990
2018-01-09 18:30:21
Ачык эле айтпайсынарбы биринчи банкка 5000 толоп келсе,биз почта менен 4000 салып жиберебиз . Калган 1000 сом бизге деп.
+5
aliakg90
2018-01-09 19:11:51
Tyty1990,)))
+1
RusMos76
2018-01-09 18:32:42
Документтерин топтогончо кийинки шайлоо башталат, анан дагы айтасынар шашып суйлоп алдык эле бир добуштан кайра башынан эсептеп чыгыш керек деп.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-09 18:38:55
Булар элден акча алышса эч кандай далилсиз эле алышат анан беришке келгенде эле башталат тообо кессен кан чыкпайт мамлекет элдики жаныбарлар ишти кыйындатпай ата эне паспорт торолгон баланын куболугу эле жетет дагы кандай далил керек
+4
bek.94
2018-01-09 19:01:08
Аны алгыча эле 4миң кетип калатко,справкага башкага деп отуруп.
+1
atai9292
2018-01-09 20:00:36
Тынар Курбаналиевтин тамашасы эске түшүп кетти.
Бир иттин идиши кепесинен үч метр алыста экен,итти болсо эки метр жип менен байлап коюптур.
Бирөөсү келип иттин жибин үч метрге узартып,кесени беш метрге жылдырып коёт экен. Ошондой эле болуптурда бул жагы
+2
taku1414
2018-01-09 20:24:39
Дароо эле берилбесе эмнеси суйунчу пул. Суйунчуну бала торолор менен суйунуп турушканда бериш керек да. Антип алдашпай эле бир айлык пособия деп койушпайбы.
+2
Shadykanov
2018-01-09 20:34:57
Почто аркылуу дейби бизде почтодо алдым жуттум аябай начар киши иштейт онойу менен алалбайсын
0
Rasul94
2018-01-09 21:36:32
бийлик кара кулжада экен да
+1
suimon302010
2018-01-09 23:05:45
Россияда да пособия акчаларды алыш учун,толтура документ справка тапшырсан анан беришет.
0
Nurmat92
2018-01-09 23:57:37
Ээ бул жагы сүйүнтпөй эле кайгыртат го. Ошол акчаңар өзүңөргө буюрсун бийлик башындагылар. Ошол акчага үйүңөргө нан алып чай ичип койгула. Берчүү акчасын жөн бербей кишини үмүттөндүрбөй
0
kadam
2018-01-10 07:39:57
Ушу га да шүгүр дейли.25 жылдан бери сүйүнчү пулду унуттук эле. Эми ар бир жаңы иштин көзүн тапкыча убакыт керектелет. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде кагаз бюрократиясы азайып калды. Болгону үч кагаз керектелет экен. Сабырдуу бололу, беттен албай.
0
nazira1989
2018-01-10 10:28:02
Мен октябрда тородум,пособиеге жана суйунчу пулна тапшырганы документ чогултуп тапшырганы айыл окмотко барсам быйылкы план толду,болду жаны жылдан баштап тапшыргыла деп документибизди албай коюшту го,эми кандай болот биягы?Эгер суйунчу пул берилбей турган болсо бул маселе боюнча да тема ачсанар суперчилер...!!!
0
nazira1989
2018-01-10 10:30:58
Суйунчу пул бала 3 айлык болгула документ тапшырсан берчу эле го десек,азыр 1жыл ичинде алсанар болот деген да жоопту уктук,бул маселе качан чечилип качан бир окмотко байланыштуу иштерибиз бир кундо чечилип буто турган болот экен...Кундо темселеп конторго барабыз,дагы бир справкасы туура эмес деп жолго салат...Чекеден чачын жулуп салгын келет айыл окмотто иштегендердин...()
-1
nurhan2702
2018-01-10 11:38:22
Аны да жон бере коюшпастан соц фонддогулардын чонтогуно чай пул берсе, анан чыгарат коросунор го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан