Депутат Урмат Аманбаева "3 ай ичинде "Кумтөр" боюнча өкмөт натыйжалуу иш алып бара алган жок" деди

Депутат Урмат Аманбаева ЖКнын 5-июндагы жыйынында "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн өкмөттүк комиссиянын маалыматын угуу учурунда буларга токтолду: "3 айдын ичинде “Кумтөр” боюнча өкмөт натыйжалуу иш алып бара алган жок. 20 жылдан бери бул ишкана өлкөгө зыян гана алып келди. Канадалыктар кеткенден кийин бул зыяндар бизге мурас катары калабы? Азыр комиссиянын “сүйлөштүк, келдик, кеттик” деген эле жообун угуп жатабыз. 3 ай ичинде аткара албаган иш дагы 3 айда аткарылбайт. Учурда тоонун ордуна тоо пайда болуп калды. Ошондуктан “Кумтөр” маселеси бүткөнчө алтындын 50 пайызын кампага салып коёлу деген сунушту колдойм. Бул маселени денонсация жолу менен чечүү туура".  

Талкуу улантылып жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан