Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеш төртүнчү вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин карады. Талкуу учурунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Муканбетовго бир канча сунуштарды айтты.
"Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу шарт. Биринчиден, анализ жүргүзүш керек. Инвестицияларды тартуу боюнча саясат жүргүзүш керек. ЕАЭБдин алкагында техникалык регламент кирди. Ага ылайык, иштерди алып кетүү шарт. Аткаруу бийлиги мамлекетке кандай жардам берип жатканын да карап чыгышы зарыл.
Биздин жарандар мамлекеттик кызматка эмес, бизнеске карай багыт алыш керек. Ар бир жаран салык төлөөчү болсо киреше артат. Сиз кабинетте отура бербей, аймактардагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү караңыз. Бүгүн канча завод, ишканалар иштеп жатат, аларга кандай жардам, канча каражат керек, ушул боюнча иш жүргүзүңүз", - деди Төрөбаев.