Орустардын "Пусть говорят" берүүсүндө бир топ жолу талкууга алынган Диана Шурыгина аттуу кыздын окуясы эсиңизде болсо керек. Анда 17 жаштагы Диана Сергей Семёнов аттуу студент баланы зордуктоо боюнча айыптаган. Бирок Семёнов жыныстык катнашка эки жактын тең макулдугу менен барганын айтып, зордуктаганын моюнга алган эмес. Жыйынтыгында сот студентти 8 жылга эркинен ажыратса, кийинчерээк жогорку инстанциядагы сот Семёновду 3 жыл, 3 айга кескен.
Сергей Семёнов жазасын өтөп жүргөндө Шурыгина интернет жылдызына айланып, ал гана эмес Орусиянын Биринчи каналында оператор болуп иштеген Андрей Шлягинге турмушка чыгууга жетишкен. Эки тарапка тең адилеттүүлүк бирдей болуусу үчүнбү, айтор Семёнов жакында мөөнөтүнөн эрте абактан чыга турганы айтылууда. Тактап айтканда, анын бир тууган эжесинин социалдык тармакка жазып чыкканына таянсак, Сергей жакын арада абактан чыгат. Ал мындай чечимдин чыгуусуна, инисинин буга чейин соттолбогону жана "Пусть говорят" берүүсүнөн алган гонорарын балдар үйүнө кайрымдуулукка жумшаганы себеп болгонун айткан.
Белгилей кетсек, "Пусть говорят" телеберүүсүнө тартылган каармандарга алардын талкуу жараткан окуяларына карата 5 миң рублдан 300 миң рублга чейин гонорар төлөнө турганы айтылып келет.