Жалпы өлкө боюнча 7 диний билим берүү мекемеси жабылды. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Куштарбек Маматов билдирди.
"Иш-чаранын жүрүшүндө муфтияттын жана Коргоо кеңешинин атынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү жалпы өлкөдөгү билим берүүгө жараксыз делген медреселерди кыдырып мониторинг жүргүздү. Жыйынтыгында билим берүүгө шарты туура келбеген, көп жылдан бери иштебей турган медреселер комиссиянын чечими менен жабылды. Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарынан бирден медресе, Ош облусунун райондорунан 3 медресе жабылды", - деп билдирди Маматов.
Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 91 медресе билим берүү иштерин жүргүзүп келет.