Окуу жылын 10-сентябрдан баштоо үчүн сурамжылоо жүргүзүлөт

2017-жылы окуу жылын 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдыруу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилге көтөрүлгөн. Мындай демилгенин максаты туристтерди тейлөөнүн мөөнөтүн узартуу, балдардын кенен эс алуусуна жана ата-энесине түшүм жыйноого жардам берүүсүнө шарт түзүү катары түшүндүрүлгөн.

Бирок атайын түзүлгөн жумушчу топ окуу планы боюнча бир канча ай анализ жасап көрүп, окуу жылын 15-сентябрдан эмес, 10-сентябрдан баштаса туура боло тургандыгын чечкен. Билим берүү жана илим министрлигинен 10-январда кабарлашкандай, аталган чечим боюнча "Эл пикир" борбору жакынкы убакытта ата-энелер, мугалимдер жана адистердин арасында сурамжылоо жүргүзүшөт. Акыркы чечим сурамжылоонун жыйынтыгын эске алуу менен кабыл алынмакчы.

Министрликтин билдирүүсүнө таянсак, окуу жылы 10-сентябрдан башталса окуу план өзгөрүүсүз калат жана мугалимдердин маянасы кыскартылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Nevestkaa
2018-01-10 21:51:58
Биротоло мектепти жаап эле салгыла эми,алты күндүк окууну беш күндүкө өткөрдүңөр ,эми болсо он күн кеч баштасаңар ар жак бер жагынан кыркып атып билими тайкы окуучуларды көбөйтөсүңөр.Ушундай демилгени кайсы жепжутат көтөрүп атат айраңтаңмын.
+6
u.n.m
2018-01-10 22:09:12
эмне өзгөрөт 1де башталчу окуу күну 10 да башталат экен. ушу депутаттардын кылаарга иши жок ушундай мыйзамдарды кабыл алабы деп коем. Башка мыйзамдарды жазып элдин көйгөйүн чечип коюшкан окшойт. анан кылаарга иши жок ушундай иштерге барып жатат го дейм. жаңы жылды 15-март, ноорузду 2-июль кылып өзгөртүп бериңиздерчи сураныч. кол чогултуп барам сурамжылоо жургузуп ))))
+3
tular
2018-01-10 22:17:29
Туура эмес! Мен мугалиммин. Айлык маяна кыскартылбайт деп жазыптыр. Суроо: кантип кыскарбайт айлык маяна, 5 кунго отсо, андан кийин 10-15 кун кеч башталса?
+1
bakulya2015
2018-01-11 00:54:57
Менин жеке ойум ушул теманы жон койсо болмок. Эмне озгорот 10кун наары кылса.Андан кору башка иштерди сунуш кылсындар. Депутаттар санын кыскартсын. Жол кыймылынын тартибин кучотсун. Элге жакшы иш каналарды ачсындар. План плакаттарда баардык докменттерде 1-сентябрь болуп эле сакталып жаныдан жазылып келе жатат ошол бойдон калганы жакшы. Элдин кызыкчылыгы ойу кызыктарбайт буларга. Оздорунчо чечим чыгара берет билгендерин кылып. Кайсы иш алардын иши экенин билбейт биринчи оздорунон баштаса жакшы.
+2
Totyua.71.
2018-01-11 03:15:17
bakulya2015,Казанчынын оз Эрки кайдан кулак чыгарса заманы келди....атандын кору!
0
nurbekasr
2018-01-11 04:28:24
Октябрда эле баштагыла эми биротоло окууну,кышкыга отун сууну камдап алышсын окучуулар.
0
Mysoul
2018-01-11 09:07:57
Билимди кобойтуп окуучулар сабак окуу мн алек болушу керек. Бизде КР да 1 кундо 4 - 5 эле саат окууда болушат. Башка мамлекттерге окшоп мектептен чыгып башка атайын курстарга барышбайт. 1-сентябдан башталып 6 кундук окуу болуш керек!!!
+1
Mysoul
2018-01-11 09:14:46
Мектептеги кээ бир жалкоо мугалимдерди суйунтуп! Субота окуучулар аз барчу эле шылтоо таап эми пятница ошондой боло баштайт. Анан 4 кундук окуу эле болуп калат
+1
fantomas
2018-01-11 10:41:03
Азыр кичинекей Кыргызстандын Жогорку Кенешинде 120 депутат бар, ар бир шаарларда кеминде 31 депутат бар, айыл Окмоттордо 31ге чейин депутат. Окмотто бир эмес, 4 вице-премьер министр, ар бир министрдин 3-4 замы бар, зам.министрлер. Ошонун баары бизге керекпи?!! Мисалы айыл чарба министрлиги бар, бул министрликте кеминде 100дон ашык адам иштейт. Ошондо мага тушундургулочу, бул минрстрлик эмне жумуш кылат?!! Илгерки колхоз-совхоздор болбосо, жвйкандарга Окмоттон жардам болбосо.
0
fantomas
2018-01-11 10:45:16
Ошондо бул айыл чарба министрлиги эмне иш кылат, кана ким айта алат?!!

Баса, ар жылы паланча мин тонна куйуучу май (солярка) дыйкандарга арзандатылган баада берилди деп айтылганы менен, ушул кунго келип бир дыйкандын арзан солярка алганын корбодум. Экинчиден дыйкандар солярка сатып албайт дагы, колунда техникасы болбосо. Ошондо жогорудагы арзандатылган соляркалар Чуйдо айрым кооперативдерге берилсе берилген чыгаар, ал эми калганы Окмот учун "бизнес", 10 сом кошуп АЗСтерге
0
fantomas
2018-01-11 10:50:53
Эми ошондо менден сунуш:
1-Жогорку Кенештин депутаттарынын саны 120дан 50го кыскартылсын. Алардын жоопкерчилиги каралып, ар жарым жылда жалпы иш кунунун 30% же андан коп жумушка келбегендер (командировка, ооруп калса дагы) мандатынан ажыратылсын.

2-Окмотто 4 вице-премьер министрдин ордуна бир эле вице-премьер министр калсын, ар бир министрликтин зам.дары 3-4тон 1 зам.министрге чейин кыскартылсын. Айыл-чарба министрлиги жоюлуп, 20 адамдан турган штаб менен департамент болуп тузулсун.
0
fantomas
2018-01-11 10:55:33
3-эгер сотко айыпталуучу тарап 3 жолу ишенбоочулук корсотсо, сот алмаштырылсын. Сот процесстери 3 айдан ашпасын. Сот, прокурорлордун устунон нааразычылыктар коп болсо, аларга убактылуу сот-прокурор болуп иштоого тыю салынсын. Кайра иштегенде алардын устунон кайра эле даттануулар тушсо, ал сот-прокурорлор биротоло жумуштан бошотулуп кызматиык иликтоо баштатылсын, эгер айыптуу деп табылса, камалышсын. Айрыкча адилетсиз окум чыгарышса, бийликтин "жен ичинее" келген буйругун аткарышса.
0
fantomas
2018-01-11 11:00:21
Кыскасы ушул сыяктуу сунуштарды эл астына алып чыкса болот, керек болсо референдум уюштуруп жалпы элдин пикирин билууго, референдум аркылуу конституция га озгортуу киргизууго болот, айрыкча 120 депутат санын 50го кыскартуу боюнча...

Ошондо окуу процессин 10 кун эрте же кеч баштайлы деген "жаш балача" сунуш ордуна, маанилуу сунуштарды берсек болот.
0
fantomas
2018-01-11 11:05:17
Баса, депутаттарды партиялык шайлоо бизге эрте экен, Момбеков, Мискенбаев, Мусабековалар бийликке келбеш учун баштагы бир мандаттуу шайлоо системасына кайтуу керек, ошондо шайлоочулар кимдер реалдуу кандидат, кимди колдош керек, оздору чечет. Болбосо азыр козду жумуп партияга добуш берип жатат, партиялар болсо алдамчынын куруч кабындай, бети тузук, ичи таш, партия да шайлоо процессинде 2-3 эл тааныган адамды элге корсотушот, артында Мискенбаев, Мусабековалар жашырынып турган болот.
0
boston___
2018-01-11 11:28:48
Кайра каникулду азайтып кобуураак окушубуз керек
0
Ibragim06
2018-01-11 13:04:02
Не себептен жылып жатат.Адистер пайдасы кандай, зыяны кандай изилдеп жазып койсоңор, элда ошого карап ойун айтат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан