"Жумгалда президент келет деп түнү менен жолго кум чачтырышты". Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Өлкөдө качан бюрократия деген жоюлат? "Бөрк ал" десе баш алган жетекчилер ушуну президент келбесе деле жасатып, иреттеп койсо болбойт беле. Ал келбесе жүргүнчүлөр унаалары менен тайгаланып "Кудайлап" коюп ары-бери өтүп жүрө бермекпиз да. Ушул кезге чейин ошентип эле келгенбиз. Кар жаңы жаап, жол тайгак болгон күнү да жол оңдоочулар түнү менен туз, кум чачып иштебейт болчу", - дейт окурман.
Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарын кыдырууну Нарын облусунан баштаган. Өлкө башчысы бүгүн, 10-январда Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушту.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.