Өзгөчө чач жасалгалуу баланын сүрөтү интернетте кызуу талкууланууда. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Кытайдын Чжаотун шаарындагы мектептеринин биринин 3-классынын окуучусу сабакка өзгөчө чач жасалгасы менен кирип келип, классташтарын күлкүгө бөлөгөн.
Анын үйү мектептен 5 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, сабакка кечигип калбаш үчүн шашып жатып баш кийимин унутуп калган. Жөө басып келүүгө 1 саат убакыт кетери да айтылган. Мындан улам сабакка келгиче чачына муз тоңуп калган.
Окуучунун сүрөтү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып, айрымдар анын сабакка болгон умтулуусун мактап билдирүүлөрдү калтырышкан.
Ошондой эле ошол күнү абанын температурасы 9 градус суук болуп турганы маалыматта белгиленген.