Дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген Ина Канабарро Лукас Бразилиянын Порту-Алегри шаарында каза болду. Бул тууралуу жүз жылдыктар боюнча маалыматтарды текшерүү менен алектенген LongeviQuest уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 116 жаш 326 күнүндө каза болгон. Ал көз жумгандан кийин планетанын эң кары адамы наамы британиялык 115 жаштагы Этел Катерхэмге өттү.
Лукас 1908-жылы 8-июнда төрөлгөн. Жаш кезинде ал монастырдык ант берип, өмүрүнүн көбүн Бразилия менен Уругвайдагы католиктик мекемелерде окутууга жана кызмат кылууга арнаган.
2018-жылы Лукас өзүнүн 110 жылдыгын белгилеп жатып Рим папасы Францисктен ыраазычылык кат алган.
Быйыл январь айынын башында ошол кезде дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген япониялык Томико Итоока 116 жаш курагында дүйнө салган. Андан кийинки сапта дал ушул Ина Канабарро Лукас болчу.