Бүгүн, 11-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Уюшкан кылмыштуулук кайрадан талкууда. Депутат Дастан Бекешев уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүү керектигин айтып чыкты.
Эске салсак, 7-январда Ысык-Көлдө 1 кафе күйүп кеткен. Кафенин ээси бул ишти уюшкан кылмыштуу топтордон көрүүдө. "Жайында мага кылмыш дүйнөсүнүн 2 өкүлү келип 500 доллардан төлөп турууну талап кылышкан. Бербесем эмне болот десем, биздин кафе өрттөлүшү мүмкүн экенин, буга чейин "Асыл-Ташта" коттедж өрттөнүп кеткенин айтышты. Менин арызым боюнча шектүүлөр кармалып, шарттуу түрдө соттолуп, эркиндикке чыгышты. Алар мага кайра телефон чалып "көрдүӊбү сага сот жардам бере албайт, сөзсүз жооп бересиӊ" деп коркутушкан", - дейт жабырлануучу. Ошентип жабырлануучу өрт "каралардын" өч алуусу деген версияны айтууда. Дастан Бекешев “мындай жол менен кылмыштуу чөйрө мамлекеттин ал-күчүн сынап жатат”, - деп УКМК, ИИМ өӊдүү органдарды баш аламандыкты токтотууга чакырды.
Бул кылмыш дүйнөсүнүн аты аралашкан биринчи окуя эмес.
2017-жылы "Асыл-Таш" пансионатында экс-депутат Равшан Жээнбековдун жубайына таандык коттедж күйүп кеткен. Жээнбеков кылмышка шектүүлөрдү билерин, алар жылда коркутуп, акча талап кылып жүргөнүн айтып чыккан. Экс-депутат милицияга кайрылган, жыйынтыгы жарыяланган жок. Бул сыяктуу окуялар көп.
2010-жылы бийликке келген топ уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган. Ошол кездеги өлкө президенти Роза Отунбаева криминал Жогорку Кеңешке чейин кирип кеткенин айтып, бийлик менен бул чөйрөнүн аралашып кетүүсүнө жол бербөө керектигин эскертип келген. Бирок 2013-жылы "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин окуясы уюшкан кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнө “өзгөчө” мамиле дагы эле бардыгын көрсөттү. Учурда Дастан Бекешев менен бир залда чогуу отурган айрым эл өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экени коомчулукта айтылып жүрөт. 2014-жылы ал кездеги ички иштер министри Абдулда Суранчиев парламенттен кылмыш дүйнөсүнө байланышы бар деп бир топ депутаттардын аттарын атаган, алардын айрымдары азыркы тапта да парламентте отурушат. Жакында гана каза болгон парламент депутатын акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөт башчы, парламент спикери баштаган бийликтин жогорку рангдагы өкүлдөрү, алар менен кошо крим чөйрөнүн да бир топ өкүлдөрү, криматалык аталып жүргөн Камчы Көлбаев да келгендиги айтылды, жазылды.
Өлкөдө канча уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү каттоодо турарын ИИМ жашыруун маалымат деп ачык жарыялабайт. 2010-жылдан кийин мыйзамга өзгөртүү кирип, ага ылайык сот чечимисиз кимдир бирөөнү "уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү" деп айтууга болбойт деген норма кабыл алынган.
Ысык-Көл Кыргыз жеринде туризмдин чордону. Өлкө жетекчилери, депутаттар, оппозиция, жарандык коом Кыргыз жеринде туризмге шарт түзүп, өлкөгө ири суммада инвестицияларды тартуу керектигин айтып, туризмди өлкөнү өнүктүрүү багыттарынын бири катары атап жүрүшөт. Инвестор үчүн башкысы – укугунун корголушу жана коопсуздук. Бизнес мыйзам тарабынан жетиштүү корголбогон өлкөгө инвестиция агылып келбеси түшүнүктүү...
Евросоюз Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү тармагын колдоо үчүн 10 миллион евро которду. Акча Каржы министрлигинин эсебине 30-декабрда түшкөн. Бул каражат 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга көмөктөшүүчү жалпы суммасы 36 миллион еврону түзгөн гранттын бир бөлүгү.
Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, бул акчага 2018-жылы китеп сатып алуу, мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо, мектептерди 100 пайыз интернет менен камсыздоо өӊдүү иштер жасалат. Мисалы, китеп басып чыгарууга быйыл 160 миллион сом каралууда. Ошол эле учурда 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта бардык мектептерде окуу китептери кайрадан ижарага берилип баштайт. Себебин министрлик "окуучуларды керектүү китептер менен камсыздоого акча жок" деп түшүндүрүүдө. Билим берүү министрлигинин 2018-жылкы бюджети 21 миллиард 780 миллион 737 миӊ сом. Мындан тышкары, 4 миллиард 206 миллион 440 миӊ сом суммасында атайын каражаты бар. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2218 мектеп болсо, анын жарымы интернетке кошула элек. Ал эми 2016-жылы мектептер окуу китептери менен 79 пайыз камсыздалса, 2017-жылы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева бул көрсөткүч 83 пайызды түзгөнүн айтты.
Өкмөттүн маалыматына таянсак, бала бакчалардын жетишсиздигинен улам өлкөдө балдардын 80 пайызга жакыны бала бакчага барышпайт. Евросоюз бөлгөн миллиондор ушул өӊдүү көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалууга тийиш. Жыйынтык жыл аягында көрүнөт...