Депутат: "Бишкекте ооруканада ата-энелер ымыркайлары менен беш сааттап кезек күтүүдө"

"Бишкекте ооруканада ата-энелер ымыркайлары менен беш сааттап кезек күтүүдө", - деп бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жамангулов айтты. Эл өкүлү өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, айрыкча күз, кыш мезгилинде ооруканаларда кошумча бөлүмдөрдү ачуу маселесине көңүл бурууга чакырды.

"Инфекциялык ооруканада күзгү, кышкы убакытта кичинекей ымыркайлары менен ата-энелер коридорлордо дарыланууда. Балдарын алып барган ата-энелер 5 сааттап кезекте турушат. Бул маселе социалдык тармактарда сүрөт, видеолору менен тынымсыз көтөрүлүп жатат. Мен өзүм да буга күбө болдум. Саламаттыкты сактоо министрлиги буга көңүл бурбай келет. Ошондуктан күз, кыш мезгилинде өкмөт бул тармакка көңүл буруп, кошумча бөлүмдөрдү ачуу жагын карашы керек", - деди Жамангулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
arlekino
2018-01-11 11:07:24
Айтпа. Бул корунуш тажатты. Тишине барсан деле ошо, ичине барсан деле ошо. Эн кызыгы ооруп скорый чакырсан показание жок деп албай койгондор айрыкча картан адамдарды. Колидорго жаткызып койгонго суранасын. Мин миллион корунгон соода сатык магазиндерди куруп жерлерди ой келди сатпастан ой жок дегенге биринчи зарылчылык ден соолук имараттарын салбайбы, маданият имараттарын салбайбы.Таанышын болсо акчан болсо больницага жатыш бир звонок мн.чечилет. Заман акчанын тааныштын гана заманы болду го.Тобоо
0
zz2013zz
2018-01-11 13:14:16
Коп жылдан бери Москвада турабыз,Келинчегим Кыргызстанга барып кайра Москвага жонорундо температура болуп 2 кун грипке каршы дары дармек колдонуп температура тушпой,тундо температура которулуп иним больницага барат Бишкектин баардык клиника больницалары тигиге бар буга бар деп ар кайсы шылтоолор менен артка кайтарышат даже первый помощь корсотушуп койбойт,айла жок тан атышын кутушуп частный больницага барышат.
Аман эле болушсун бизде мед кызматтагылар,кудайга шугур азыр баары жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан