Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Октябрь райондук сотунун өз баласын ичке тепкен атаны жоопкерчиликтен бошотуп жибергенине нааразычылыгын билдирди. "Баласын тепкен атаны коё бериши - соттун адилетсиздиги", - дейт омбудсмен.
Жакынкы күндөрү Акыйкатчы институту Бишкек шаардык прокуратурасына баласын тепкен ата Бариер Адиевдин жоопкерчилигин көзөмөлдөөсүн сурап кат түрүндө кайрылуу жасамакчы.
Белгилей кетсек, 10-январда сот Чыңгыз Адамкулов Адиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча чечимин чыгарган. Ал өлкө аймагынан сыртка чыкпоо талабы менен сот залынан бошотулган болчу.
"Ал тургай баланын апасы дагы тосмо арыз жазып бериптир. Сот бул учурда баланын кичинекей жана алсыз экенин эске алышы керек болчу. Бул себептен Акыйкатчы институту баланын укугун коргоп, жакын арада шаардык прокуратурага кат жолдойбуз. Прокуратурадан окуянын алкагында мыйзамдуулукту жана адилеттикти орнотууну, баласына катаал мамиле жасаган ата тийиштүү жазасын алышын камсыздоону сурайбыз", - деди Оторбаев.
Акыйкатчынын айтымында, балдарга байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөө жана сот иштери жүрүп жаткан учурда мыйзамдагы мүчүлүштүктөр байкалат. Мындай учурлардан улуулар пайдаланып кетип жатышат деген пикирде.
"Тилекке каршы, сот иштеринде баланын атынан катышып жаткан ата-энелер, асыроочулар жана башка туугандары ар дайым эле жабыр тарткан баланын тарабын ала беришпейт. Буга байланыштуу токтотулуп калган иштерди изилдеп чыгып, атайын доклад даярдадык. Биз жүргүзгөн анализдин негизинде көпчүлүк кылмыш иштери тергөө учурунда эле же сотко жеткенден кийин токтотулуп калганын аныктап чыктык. Алардын дээрлик баары баланын физикалык жана психологиялык алсыздыгын эске албастан, алардын пикирин жана жаш бала экенин эсепке албастан, ата-энелер өздөрү тосмо арыз жазып берип койгондон токтотулган", - дейт акыйкатчы.
Анализденген материалдын алкагында Акыйкатчы институту Жогорку Кеңешке жиберүү үчүн норма иштеп чыккан. Нормада балдарга байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга жана мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары каралган.